Казакстан Кыргызстандын элчисин II даражалуу «Достук» ордени менен сыйлады

Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеевге II даражалуу «Достук» орденин тапшырды.
КР ТИМдин маалыматына ылайык, сыйлык тапшыруу аземи Казакстанда 25-октябрда белгиленүүчү Республика күнүнө арналды.
Жогорку мамлекеттик сыйлык Казакстан президентинин жарлыгы менен эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылган.
Аземде Ермек Кошербаев элчинин эл аралык саясий диалогду жандандыруудагы, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөдөгү активдүү ишин өзгөчө белгиледи.
Эске салсак, «Достук» ордени — мамлекеттер ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого чоң салым кошкон жарандарга берилүүчү Казакстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири.