Кыргызстанда «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси түзүлдүКыргызстанда ветеринардык дары-дармектерди каттоодо кагаз документтердин ордуна QR-коду бар электрондук сертификаттар бериле баштайт«Баткен таңы» редакциясынын имараты мамлекетке кайтарылды17-февралга карата аба ырайыКазакстандын жаңы Конституциясынын долбоору: салттардын уландысы жана келечектин стратегиясыБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулат
Баа турукташты: Быйыл Таласта төө буурчактын түшүмү 70,8 миң тоннаны түздү
04.11.2025 | 19:00

Талас облусундагы дыйкандардын түшүмү былтыркы жылдарга салыштырмалуу туруктуу болуп, быйыл 55,8 миң гектардан ашык жерге фасоль эгилди. Жалпы түшүм 70,8 миң тоннаны түзүп, орточо түшүмдүүлүк гектарына 15,7 центнерди түзгөнүн Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Министрлер кабинети дыйкандарды колдоо максатында «Кыргыз агрохолдинг» ААКка төө буурчак сатып алуу үчүн 100 млн сом бөлдү. Бул чаранын натыйжасында дыйкандар 1 килограмм фасоль үчүн 95 сомдон сатууга мүмкүнчүлүк алды.
Фасольдун азыркы баалары:
- Скороспелка сорту — 155–160 сом;
- Лопатка — 95 сом;
- Томат — 92 сом.
Мекеменин маалыматына караганда, коомчулукта тараган «100 миң тоннадан ашуун фасоль алынган эмес, баасы 60 сомдон ашпайт» деген маалымат чындыкка дал келбейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом