Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
Бишкекте ар дем алыш күндөрү жарманкелер уюштурула баштайт
05.11.2025 | 10:23

8-9-ноябрдан тарта борбор калаада ар дем алыш күнү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өткөрүлүп турат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жарманкелер 2026-жылдын июнь айына чейин уюштурулуп турат.
Жарманкелер Т. Усубалиев атындагы аянтта, ошондой эле И. Раззаков, Абдымомунов көчөлөрүнүн жана Эркиндик бульварынын кесилиштеринде (Биринчи Май району) уюштурулат.
Министрлик жарманкеге катышууга каалоосу бар дыйкандарды жана өндүрүүчүлөрд чакырды.
Катышуучуларга коюлуучу талаптар:
- Продукция сапаттуу жана таза болушу керек;
- Баалар базар баасынан төмөн болушу зарыл;
- Министрликтин райондук агрардык башкармалыгынын жетекчилигинен тастыктоочу кат талап кылынат.
Бул жарманкенин максаты ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, элге арзан жана сапаттуу азык-түлүк продукциясын жеткирүү, ошондой эле ички рынокту туруктуу камсыздоо болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом