ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

05.11.2025 | 13:05

5-7-ноябрь күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү болушу мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңорун маалымдап, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертти.

Ошондой эле унаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырууну, зарылчылык болбосо, алыскы жолго чыкпай турууну сунуштады. Алыскы жолго чыгарда дары-дармек, суу, тамак-аш, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын унутпай алууну эскертти.

Кырсык болгондо күнү-түнү иштеген 112 номерине чалуу керек, чалуу акысыз.

Scroll to Top