Кыргызстан эмне үчүн Мисир менен мамиле түзүп жатат?
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Мисирдин ортосундагы эки тараптуу мамилелер тарыхында алгачкы ирет расмий сапар жасап, өлкөнүн тышкы саясатынын жаңы барагын ачты. Натыйжада экономика, энергетика, айыл чарба жана инвестиция тармактарын камтыган сегиз келишимге кол коюлду. Бирок бул кадамдын артында эмне турат?

Сүйлөшүүлөрдөн бизнес-форумга чейин
Сапар иш-чараларга бай болду: “Аль-Иттихадия” президенттик сарайында Садыр Жапаров менен Мисирдин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси расмий түрдө жолугушуп, сүйлөшүүлөр тар жана кеңири форматта өттү. Мындан тышкары, кыргыз лидери Мисир парламентиндеги Эл өкүлдөр палатасынын спикери Ханафи Али Жебали менен жолугушуп, парламенттер аралык байланышты чыңдоо маселесин талкуулады.
Кыргызстан менен Мисирдин тарыхындагы алгачкы жолу бизнес-форумдун өтүшү экономика жаатындагы маанилүү окуя болуп калды. Анда эки өлкөнүн ишкерлери бир катар долбоорлорду талкуулоо үчүн чогулушту.
Сапардын жыйынтыгында сегиз эки тараптуу документке кол коюлду, алардын катарында:
- Экономикалык, илимий жана техникалык кызматташтык тууралуу келишимдер;
- Энергетика, инвестиция жана айыл чарба тармактарында өз ара аракеттенүү боюнча меморандумдар;
- Улуттук банк менен Мисирдин Борбордук банкынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Стратегиялык максаттар: диверсификация, инвестициялар жана туризм
Кыргызстан географиялык жактан алыс жайгашкан Мисирден эмнени издөөдө? Бул сапардын маанисин түшүнүү үчүн экономист Бакыт Бакетаевден комментарий алдык.
Египет – жаңы базарларга «дарбаза»
Адистин пикиринде, сапардын негизги максаты – диверсификация жана экономикалык байланыштарды кеңейтүү.
«Ооба, бул экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, биздин товарларды жеткирүүнү көбөйтүү. Мисирден бизге да, бизден Африкага да товарлар жеткирилет. Бул кеңейүү. Жалпысынан, бул пайдалуу болот», — деди Бакетаев.
Аралыктын алыстыгына карабастан, экономисттин айтымында, бизнес өз ара жеткирүүлөр үчүн жолдорду таба алат. Кыргызстан үчүн бул өзүнүн продукциясын сата турган жаңы рынок, ал эми Мисирден бакалея, жемиш жана башка товарларды импорттоо мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
Туризм өсүүнүн башталыш чекити катары
Бакыт Бакетаевдин айтымында, экинчи маанилүү багыт — туризм.
«Мен ойлойм, Мисирдин туристтик мүмкүнчүлүктөрү чоң. Мамлекеттер ортосундагы кызматташтык алкагында туристтердин өз ара алмашуусунун ыктымалдуулугу абдан жогору», — деди ал.
Адис белгилегендей, Мисирдин туристтик тармагы жогорку деңгээлде өнүккөн, Кыргызстан болсо бул тажрыйбаны үйрөнүп, мисирдик туристтерди өз курортторуна тартууга мүмкүнчүлүк алат.
Негизги тармактардагы инвестициялар жана технологиялар
Бирок сапардын эң маанилүү жыйынтыгы Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ тармактарга инвестициялардын жана технологиялардын келиши болушу мүмкүн.
«Мисир гидроэнергетика тармагында чоң тажрыйбага ээ. Ошондуктан ал биздин өлкөнүн гидроэнергетикасына да, айыл чарбасына да инвестиция сала алат», — деп түшүндүрдү Бакыт Бакетаев.
Ошентип, президент Жапаровдун Мисирге сапары стратегиялык кадам болуп саналат. Бишкек Каирди жаңы соода өнөктөш катары гана эмес, ошондой эле гидроэнергетика жана туризм жаатындагы алдыңкы технологиялардын булагы, инвестор жана Африка менен Жакынкы Чыгыштагы ири, бирок али өздөштүрүлө элек базарларга ачкыч катары көрүүдө.