Манаста чакырууларды автоматтык түрдө бөлүштүрүүчү тез жардам системасы ишке кирди
Манас шаарында тез жардамдын санариптик диспетчердик кызматы ишке кирди. Жаңы система чакырууларды бригадалардын ортосунда автоматтык түрдө бөлүштүрүп, алардын кыймылын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп, диспетчерлерге тезирээк чечим кабыл алууга жардам берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, система Манас жана Сузак райондорун камтып, калкка шашылыш медициналык жардамды ыкчам жеткирүүнү камсыздайт. Диспетчердик борбор заманбап жабдуулар, мобилдик түзүлмөлөр, үзгүлтүксүз электр менен камсыздоо булактары жана картография менен интеграцияланган программалык камсыздоо менен жабдылган.
Диспетчерлер жана фельдшерлер санариптик шаймандар менен иштөө боюнча окутуудан өтүп жатышат. Бул бригадалардын бейтаптарга, анын ичинде алыскы аймактарга тез жетүүсүнө мүмкүндүк берет.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нургүл Аднаева белгилегендей, тез жардам кызматын санариптештирүү туруктуу болуп, саламаттык сактоо системасына толук интеграцияланышы зарыл.
«Диспетчердик кызматтын жаңы форматы чакырууларга тез реакция кылууга жана бригадалардын өз ара координациясын жакшыртууга шарт түзөт. Биздин максат — бул тажрыйбаны өлкө боюнча жайылтуу», — деди ал.