ИИМ шайлоо маалындагы мыйзам бузуу үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертти

13.11.2025 | 19:00

2025-жылдын 30-ноябрында Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Добуш берүү алдында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды мыйзам талаптарын сактоого жана шайлоо процессинде жарандык жоопкерчиликти көрсөтүүгө чакырды.

ИИМ шайлоочуларды сатып алуу же талапкерлердин эркин тандоосуна таасир этүүгө багытталган аракеттер — кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эске салды. Жарандарга мыйзамсыз аракеттерге барбоо жана шайлоо мыйзамдарын бузуу учурлары тууралуу ички иштер органдарына кабарлап туруу сунушталды.

Министрлик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө, домкомдорго, медицина жана билим берүү кызматкерлерине, ошондой эле калк менен тыгыз иш алып барган бардык кызматкерлерге да кайрылды. Аларга шайлоо кампаниясынын жүрүшүнө кийлигишпөө, бейтараптуулукту сактоо жана административдик ресурстарды үгүт иштеринде колдонбоо зарылдыгы эскертилди.

Ошондой эле ИИМ маалымат менен иштөөдөгү жоопкерчиликтин маанилүүлүгүн өзүнчө белгиледи. Ведомство текшерилбеген маалыматтарды таратпоого, коомдо ишенимсиздик же чыңалуу жараткан билдирүүлөргө алдырбоого чакырды.
«Жарандарга мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө жана ишенимдүү булактарга гана таянып, коомдогу ишенимди жана тынчтыкты сактоону сунуштайбыз», — деп айтылат кайрылууда.

Аягында ИИМ милициянын саясаттан тыш экенин, ал эми ички иштер органдарынын негизги милдети — коомдук тартипти сактоо, коопсуздукту камсыз кылуу жана ар бир жарандын укугун коргоо экенин баса белгиледи.

Scroll to Top