Садыр Жапаров өлкөдөгү майнинг-фермалар боюнча түшүндүрмө берди

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда иши токтотулду деген майнинг-фермалар боюнча “Кабар” маалымат агенттигине маек берди.
Өлкө башчы Кыргызстанда эки майнинг-ферма иштээрин жага экөө тең анын көзөмөлүндө экенин билдирди. Алардын бири Кеминде, экинчиси Камбар-Ата-2де жайгашкан.
Садыр Жапаровдун айтымында, Кеминдеги “Соларкоин” майнинг фермасы 2023-жылдан бери 30 МВт менен иштейт. Ошондой эле ферма электр энергияны Орусиядан алып келет.
“100 пайыз Орусиядан, Казакстандын КЕГОК компаниясы аркылуу импорт транзит кылып, иштетет. Баары ачык көрүнүп турат. Министрликтен текшерсеңер болот. Бизден 1 кВт албайт.
Биздин Казакстан менен чек арадагы 500 кВттык “Фрунзе” станциясынан баштап Кеминге чейин 1 кВтына 38 тыйын транзит да төлөшөт. Энергосистемабыздын эсебине алардын транзитинен түшкөн пайда бүгүнкү күнгө чейин 172 миллион сом болду. Республикалык бюджетке салык түрүндө 22 миллион сом төлөштү”,- деп билдирди өлкө башчы.
Ошондой эле Садыр Жапаров Камбар-Ата-2де жайгашкан майнинг-ферма 30 МВт менен иштээрин, аны аталган ГЭСке бийлик суранып жүрүп курдурганын билдирди.
2009-жылы ал ГЭС салынганда 120 МВт менен ишке кирген экен. Бирок андан чыккан энергия эски, баягы эле 60-жылдардагы трансформаторлор жана эски линиялар менен элге жиберилип турган. Эски линиялар менен трансформаторлордун күчү 90 эле МВт болуп, 120 МВттын 30 МВты иштелип чыкпай кала берген.
Ошол кубаттуулукту бекер кетирбей ошол 30 Мвт кубаттуулукту сатып алып жатышат. Ошол үчүн майнинг Камбар-Атанын ичине салынды”,- деди ал.
Өлкө башчы бул майнинг-ферманын ээси болгон “МБТ-Строй” компаниясы менен 2023-жылдын декабрь айында “Кыргызстан УЭТ” ААК жана “Электр станциялары” ААК тарабынан үч тараптуу келишим түзүлгөнүн айтты.
Бул келишим боюнча “Электр станциялары” ишкансы аталган 30 МВт кубаттуулукту “МБТ-Строй” жана “Кыргызстан УЭТ” ААКтын тармактары аркылуу элге транзит кылуу макулдашылган. Инвестициянын жалпы суммасы 1 миллиард 500 миллион сомду түзгөн.
Мындан сырткары мамлекет тарабынан “МБТ-Строй” ЖЧКга төмөнкү иштерди аткаруу милдеттендирилген:
- «Камбар-Ата» көмөк чордонунда 2 даана 25 МВА кубаттуулуктагы трансформаторлорду оңдоп-түздөө;
- «Күрп-Сай» ГЭСиндеги 220 кВттык 2 жаңы автотрансформаторду орнотуу менен реконструкциялоо иштерин жүргүзүү;
- «Күрп-Сай» ГЭСинен «Абасбеков» көмөк чордонуна чейин 110 кВ аба чубалгысын жаңылоо;
- «Абасбеков» көмөк чордонунан «Камбар-Ата-2» ГЭСине чейин 110 кВ аба чубалгысын жаңылоо;
Садыр Жапаров келишим боюнча 4-5 жылдан кийин жаңы орнотулган трансформаторлор, жаңы салынган линиялар жана майнинг-ферма мамлекеттин пайдасына энергетиктерге каларын билдирди.
Өлкө башчы бул эки фермадан тышкары өлкөдө башкы майнинг-ферма жок экенин, эгерде андайлар аныкталса, иши дароо токтотулуп, көп суммада айып пул салынарын кошумчалады.
“Биздин өлкөдө майнинг иштетем деп келгендерге айтып атабыз. Азырынча кошуна же алыскы өлкөлөрдөн биздин мамлекетти аралаштырбай өзүңөр импорт алып келип иштесеңер иштей бергиле. Анткени биз азырынча өзүбүздөн өндүрүлгөн энергияны силерге бере албайбыз, себеби өзүбүзгө жетпей жатат деп”,- деп билдирди.
Мындан тышкары ал 7-8 жылдан кийин майнинг фермаларды чакыра албай калган убак келерин айтты.
“Биз Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп бүткөндөн кийин майнинг фермаларды өзүбүз издеп калабыз. «Келгиле бизге келип майнинг ферма ачкыла» деп жалдырайбыз. Анткени энергияны кимге сатабыз деп азыр деле айрыкча жаз, жай, күз мезгилдеринде кардар издеп калган убак болот”,- деди өлкө башчы.