Патенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү

18.11.2025 | 17:18

Мамлекеттик салык кызматы патенттин негизинде иштеген жарандар үчүн салыктык каттоону жөнөкөйлөштүргөнүн билдирди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Эми физикалык жакка салык органына баруунун кажети жок: электрондук патент берилген учурдан тарта каттоо автоматтык түрдө жүргүзүлөт.

Ошол эле эрежелер жеке ишкерлерге да тиешелүү, белгилүү бир аймакта патент сатып алуу эч кандай кошумча арыз бербестен автоматтык түрдө салыктык каттоо болуп эсептелет.

Мындан тышкары, мыйзамга патент негизинде жүргүзүлгөн ишмердүүлүк анын аракет мөөнөтүндө салык органдары тарабынан көчмө текшерүүгө жатпашы керек деген норма киргизилди. Бирок каршы текшерүүгө байланышкан учурлар өзгөчө эсептелет. Калган бардык салыктык көзөмөл формалары Салык кодексине ылайык сакталып калат.

Scroll to Top