Кыргызстан менен АӨБ энергия, суу ресурстары жаатында кызматташууга кол коюшту

Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) ортосунда бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлду. Алар коомдук имараттарды жашыл трансформациялоо программасын ишке ашыруу, энергияны үнөмдөөчү турак жайга жетүүнү кеңейтүү, суу ресурстарынын климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун күчөтүү сыяктуу маселер боюнча кызматташууга багытталат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-ноябрда, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев АӨБдүн президенти Масато Канда менен жолукту.
Анда Кыргызстан менен банктын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланып, ошондой эле өлкөнүн азыркы экономикалык абалы, 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы, климат, энергетика сыяктуу багыттар боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү.