Алты өлкөнүн студенттери Жеңиш жөнүндөгү тасмаларын Кыргызстандын борборуна алып келишет
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата 24–26-ноябрь күндөрү Бишкекте «Миру – МИР!» аттуу эл аралык студенттик кинофестиваль өтөт. Иш-чара Екатеринбург шаарындагы «Георгий Победоносец» уюму жана Жусуп Баласагын атындагы КУУ тарабынан уюштурулууда.
Фестиваль алты өлкөнүн: Казакстандын, Кыргызстандын, Монголиянын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын жаш кинематографисттерин бириктирет. Катышуучулар Жеңиш темасына жана тарыхый эстеликти сактоого арналган кыска метраждуу, документалдуу жана анимациялык тасмаларды көрсөтүшөт.

Калыстардын курамында жана сый коноктордун арасында орусиялык актёр Игорь Петренко, «Кыргызфильм» киностудиясынын башкы редактору Акылбек Мураталиев, Новосибирск облусунун маданият министринин орун басары Михаил Симонян жана башка маданий ишмерлер бар.
Фестивалдын программасы:
- 24-ноябрь, 14:00 — ачылыш аземи (ЖБ КУУ, Фрунзе көч., 547).
- 25-ноябрь, 11:00 — конкурстук көрсөтүүлөр («Россия» кинотеатры, Чүй просп., 213).
- 25-ноябрь, 16:00 — Игорь Петренконун мастер-классы (КУУ, кичи зал).
- 26-ноябрь, 10:00 — сыйлоо жана жабылыш аземи (КУУ, чоң зал).
Уюштуруучулар фестивалдын башкы максаты — кино өнөрү аркылуу эл аралык кызматташууну өнүктүрүү жана жаштарды тынчтык, биримдик жана өз ара түшүнүшүү тууралуу сүйлөшө турган аянтча менен камсыз кылуу экенин белгилешет. «Кино муундарды жана маданияттарды бириктирген көпүрө боло алат», — деп баса белгиледи уюмдун директору Александр Измайлов.
Буга чейин 18–30 жаштагы студенттерден «Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке катышкан элдердин салымы» темасындагы 15 мүнөткө чейинки кыска метраждуу тасмаларды кабыл алынары тууралуу маалымат берилген.