Чуңкурчакта жапайы түлкүгө ок атышкан. Милиция 4 эркек кишини аныктадыСаламаттык сактоо министрлиги жана ДСУ Кыргызстандын алыскы аймактарында санариптик медицинаны кеңейтүүнү макулдашты«Кыргызнефтегаздагы» коррупция: Шайырбек Ташиев 16-майга чейин тергөө абагына киргизилди3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулашты
Таласта чет элдик жаранды 200 миң долларга алдап кеткен. Шектүү кармалды
21.11.2025 | 09:39
Талас облусунун Айтматов районунда укук коргоо органдары алдамчылыкка шектелген адамды кармашты. Бул тууралуу облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, Айтматов РИИБге Норвегиянын жараны кайрылып, жергиликтүү тургун Б.Т. аттуу адамга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, шектүү ишенимине кирип, алдоо жолу менен андан 200 миң доллар алган жана изин жашырган. Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Укук коргоочулар 40 жаштагы Б.Т. аттуу жаранды кармап, соттун чечими менен ал эки айга ИВСке киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар