Шайлоо: Чет өлкөлөрдө добуш берүү толугу менен аяктады

01.12.2025 | 11:58

Бишкек убактысы боюнча 1-декабрда саат 10:00дө чет өлкөлөрдө Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого добуш берүү толугу менен аяктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Акыркылардан болуп АКШнын Филадельфия, Чикаго, Вашингтон, Нью-Йорк шаарларында, ал эми эң соңунда Сан-Франциско шаарында жашаган кыргызстандыктар добуш берди.

Чет өлкөлөрдө добуш берүүгө катышкан Кыргызстандын жарандарын жалпы саны 26 миң 66 адамды түздү.

ТИМ добуш берүү мыйзамдарга ылайык, тынч жана конструктивдүү маанайда өткөнүн маалымдады.

“Чет мамлекеттердеги шайлоо процессинде мекендештерибиз жогорку жигердүүлүктү көрсөтүп, добуш берген жарандардын саны жана участкалык шайлоо комиссияларынын саны боюнча эң натыйжалуу шайлоо жараяндарынын бири болду”,- деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 30-ноябрда, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү.

ТИМдин маалыматына ылайык, 34 өлкөнүн 89 шаарында 100 шайлоо участогу уюштурулган.

Scroll to Top