Чыңгыз Айтматов тууралуу тасма тартыла баштады

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу көркөм тасманы тартуу иштери башталды. Тасманын премьерасы 2026-жылга пландалууда.
Айтматов тууралуу тасма Кыргызстанда алгачкы жолу тартылууда. Аны жаш кыргыз режиссёру жана оператор-коюучу Каныбек Калматов тартууда.
Буга чейин Маданиятт министрлиги Калматов Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянын экрандаштырууга эксклюзивдүү укук алганын билдирген. Тиешелүү келишим жазуучунун уулу Эльдар Айтматов менен түзүлгөн.
Жаңы тасма жазуучунун бала чагынан тартып дүйнөлүк аренага таанылганга чейинки өмүрүндөгү негизги баскычтарды камтыган толук метраждуу биографиялык драма болот.
Жаш режиссер Каныбек Калматов Москвадагы ВГИКтин кинематография факультетинин бүтүрүүчүсү. Ал «Бейиш эненин таманында» тасмасынын башкы оператору болгон.