Бишкек абанын булганышы боюнча 12-орунду ээледи

03.12.2025 | 20:00

3-декабрга карата Кыргызстандын борбору Абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде (World Air Quality Index) 12-орунду ээледи.

Учурдагы AQI индекси 149 бирдикти түзүүдө. Эл аралык классификацияга ылайык, мындай деңгээлдеги абанын булгануусу калктын аялуу катмары (балдар, улгайган адамдар, аллергиясы барлар) үчүн «зыяндуу» болуп эсептелет.

Аба булгануу деңгээлине жараша сунуштар

Көрсөткүч «Жакшы» (0–50) болгондо, көчөдө эркин жүрүүгө болот. «Орточо» (51–100) аба сапаты маалында сезимтал адамдарга сыртта узак убакыт болуудан кармануу сунушталат. «Ден соолукка зыяндуу» (101–150) жана андан жогору деңгээлдерде көчөдө болуу убактысын чектөө керек. «Абдан зыяндуу» (150–249) маалында көбүнчө үйдө болгон оң, ал эми «Опасный» (250+) деңгээлинде көчөгө мүмкүн болушунча чыкпай, кыска убакытка да чыгуудан оолак болуу керек.

Scroll to Top