Бишкекте майда көмүрдү жаккан мончо жана сауналарга рейд жүргүзүлдү
Борбор калаада жеке менчик мончолор менен сауналардын жылытылышына көзөмөл күчөтүлдү. Мэриянын инспекторлору эми мештерде таштанды жана тигүү цехтеринен чыккан калдыктардын жагылбашын гана эмес, жагылып жаткан көмүрдүн фракциясын (ири же майдалыгын) да текшерип жатышат.
2–3-декабрда жүргүзүлгөн рейдде Орозов көчөсүндөгү мончонун ээсине протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Буга анын майда көмүрдү колдонгону себеп болгон. Эске салсак, Бишкек мэриясынын 2025-жылдын 9-октябрындагы токтомуна ылайык, Бишкек менен Чүйдүн аймагында майда көмүрдү колдонууга чектөө киргизилген, анткени аны жагуу атмосферага зыяндуу заттардын көп бөлүнүп чыгышына алып келет.
Инспекторлор жалпысынан 83 жайды кыдырышкан. Статистика боюнча, 49 мончо дагы деле катуу отун колдонуп, ал эми 8 мончо гана энергиянын альтернативдүү булактарына (газ же электр энергиясы) өткөнү белгилүү болгон.