Москванын мэри мигранттарды сындагандарга «колуңарга шыпыргы алгыла» деди: оор жумушта иштегендер жетишсиз болууда

08.12.2025 | 11:09

Москванын мэри Сергей Собянин жогорку квалификацияны талап кылбаган тармактардагы эмгек миграциясын жактап чыкты. «Москва 24» телеканалынын эфиринде ал борбор калаага жогорку билимдүү гана чет элдик адистер керек деген пикирди кескин сындады.

Собянин шаарда оор кара жумуштарда жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында кадрлар жетишсиз экенин белгиледи.

«Эгер ошончолук эле күйүп-бышып жатышса, мен ал эксперттерге мындай кеңеш берет элем: колуңарга шыпыргы алып, жогорку билимиңер, докторлук диссертацияңар менен Москванын короолорун тазалап көргүлөчү. Алар антип иштебейт деп ойлойм. Ошондо эмне, биз москвалыктардын жогорку квалификациялуу жумуш орундарын ээлей турган жогорку билимдүү мигранттарды чакырып, ал эми москвалыктар жол шыпырып калышы керекпи? Мен бул логиканы анчейин түшүнбөй турам», — деп билдирди шаар башчысы.

Ошондой эле мэр чет элдиктердин «жапырт агылып кириши» тууралуу кептерди төгүндөдү. Анын статистикасына ылайык, Москвадагы эмгек мигранттарынын саны 2018-жылдан бери өзгөрүүсүз бойдон калууда.

Scroll to Top