Жапонияда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө болуп, 23 адам жабыркады

Кечээ, 8-декабрдын, кечинде Жапонияда 7,5 баллга жеткен күчтүү жер титирөө болуп, Тынч океандын жээгиндеги аймактарда цунами пайда болду. Бул тууралуу жапониялык басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, силкинүү саат 23:15 чамасында Тынч океанда жээктен 80 чакырым алыстыкта, Хонсю аралынын түндүк бөлүгүндө катталган. Титирөөдөн цунами пайда болуп, анын бийиктиги жээктерде 50дөн 70 сантиметрге чейин жеткен.
Жапониянын Өрт жана кырсыктарды башкаруу агенттиги 23 адам жабыркаганын, алардын бирөө оор абалда экенин маалымдады. Маалыматка караганда, жабыркагандардын көбү түшүп кеткен буюмдардан жаракат алышкан.
Мындан тышкары 800 үй жарыксыз калганын, жогорку ылдамдыктагы поезддер жана бир катар жергиликтүү багыттар токтотулган. Учурда кыйроолорду тактоо иштери уланууда.
Бийлик өкүлдөрү силкинүүлөр кайра кайталанышы мүмкүн экенин эскертүүдө.