Акчага “акыл-эси жайында эмес” деген корутунду чыгарышкан. Психиатрия жана наркология борборунун 6 дарыгери кармалды
Республикалык психиатрия жана наркология борборунун 6 соттук-психиатриялык эксперти коррупцияга шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кармалган кызматкерлер акча алып, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарга “акыл-эси жайында эмес” деген корутунду чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүндүк беришкени аныкталган.
Тактап айтканда, эксперт-дарыгерлер “Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча айыпталган М.А.А. аттуу жаранга эки жолу соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзгөнү, ошондой эле туугандарынан өзгөчө ири суммада 1,5 миллион сом алышып, соттолуучуга карата эки жолу “акыл-эси жайында эмес” деген корутунду чыгарып беришкени аныкталган.
10-декабрда козголгон кылмыш ишинин алкагында Республикалык психиатрия жана наркология борборунун 6 эксперт-дарыгери: 1950-жылы туулган А.Ж., 1966-жылы туулган Ш.Н.Т., 1969-жылы туулган Ч.Ю.В., 1971-жылы туулган К.Ж.Р., 1972-жылы туулган С.Л.Л., 1997-жылы туулган З.М.Д. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.





