УКМК активист Айбек Теңизбай улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалганын билдирди

12.12.2025 | 12:35

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарандык активист Айбек Теңизбай социалдык тармактардагы улуттар аралык мүнөздөгү чагымчыл билдирүүлөрү үчүн кармалганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу” боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, кечээ, 11-декабрда, жергиликтүү ЖМКлар жарандык активистти өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкери деп тааныштырган адамдар кармап кетишкени тууралуу жазышкан. Айбек Теңизбай соцтармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган жана коомдогу көрүнүштөргө өзүнүн жарандык позициясын билдирген постторду жазып турат, ошондой эле подкаст алып барат.

Scroll to Top