Мекемедеги агрессивдүү жүрүм-турум: үч жаран кармалды

14.12.2025 | 15:00

Бишкек шаарынын Октябрь районунда коомдук тартипти бузгандыгы үчүн үч жаран кармалды.

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 13-декабрында саат 02:10 чамасында кайгуул кызматынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан мекемелердин биринде майда бейбаштык фактысын аныкташкан.

Белгисиз жарандар мекемедеги жарандарга жана милиция кызматкерлерине карата агрессивдүү мамиле жасап, адепсиз сөздөрдү айтып, коомдук тартипти бузушкан.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин («Майда бейбаштык») негизинде 1994-жылы туулган П.А., 1995-жылы туулган Ш.А. жана 2005-жылы туулган Ш.Н. аттуу жарандар кармалган.

Кармалгандар райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иш боюнча тиешелүү процесстик аракеттер улантылууда.

Scroll to Top