Кыргызстанда бирдиктүү мамлекеттик egov.kg порталы ишке кирди

Кыргызстанда бирдиктүү мамлекеттик egov.kg порталы расмий түрдө ишке кирди. Бүгүн, 16-декабрда, «Ынтымак Ордо» өткөн аппараттык кеңешмеде өкмөт башчы Адылбек Касымалиев аталган порталды тааныштырды.
Касымалиевдин айтымында, мурда мамлекеттик веб-ресурстар бийлик органдарынын расмий «витринасы» функциясын толук кандуу аткарган эмес.
Бул абалды оңдоо үчүн учурдагы сайттарга баа берилип, анын жыйынтыгында бирдиктүү мамлекеттик egov.kg маалымат порталын түзүү чечими кабыл алынган.
Учурда министрликтердин жана мекемелердин сайттарын жаңы бирдиктүү платформага этап-этабы менен өткөрүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.
Порталда бардык министрликтердин расмий маалыматы, негизги документтери жана байланыш маалыматтары камтылган толук кандуу баракчалары жеткиликтүү. Түшүнүктүү интерфейс жана ыңгайлуу издөө колдонуучуларга керектүү мамлекеттик кызматтарды, актуалдуу маалыматтарды жана тиешелүү органдардын байланыш маалыматтарын тез табууга мүмкүндүк берет.