Бишкектин көчөсүндө түтүк жарылып, жол менен короолорду суу каптады. Мэрия жооп берди
Бишкек мэриясы Сагынбай Манасчы көчөсүндөгү суу түтүк жарылып, жол менен короолорду суу каптап жатканы боюнча маалымат берди.
Мэриянын маалыматында, аталган көчөнүн Исанов көчөсүнөн Коёнкөзов көчөсүнө чейинки аралыгына «Азия Строй Комплекс» ишканасы тарабынан суу түтүктөрү орнотулган. Кечээ, 17-декабрда, аталган тилкеде диаметри 200 мм болгон полипропилен суу түтүгү жарылган.
«Бишкексууканал» ишканасынын кызматкерлери окуя болгон жерге барып, акт түзүшкөн. Учурда «Азия Строй Комплекс» ишканасынын өкүлдөрү тарабынан оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, «Элдик кабарчы» рубрикасына Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, Манасчы Сагымбай көчөсүндө суу түтүктөрү жарылып, көчөнү 2 күндөн бери суу каптап жатканын билдирген. Окурман жиберген видеодон суунун акканы токтобой, жолду жана короолорду каптап жатканын көрүүгө болот. Окурман тургундар «Бишкексууканал» ишканасына кайрылышканын, бирок чара көрүлбөй жатканын айткан.