Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгилендиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайтReporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилди
КР Саламаттык сактоо министри карылар үйүндөгү өрттөн жабыркагандардан кабар алды
07.01.2026 | 12:04
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов карылар үйүндөгү өрттөн жабыркагандар жаткырылган Тез медициналык жардам клиникалык ооруканасына барды.
Мекеменин маалыматы боюнча, стационарга жалпысынан 14 бейтап түшкөн. Алардын ичинен 13 адам ис газына жана күйүүдөн чыккан заттарга ууланганы аныкталса, бир жабырлануучу I даражадагы күйүк алганы катталган.
Бейтаптардын учурдагы абалы тууралуу маалымат:
- Оор абалда: 2 бейтап (кошумча ооруларына жана уулануу деңгээлине байланыштуу);
- Орточо оордукта: 4 бейтап;
- Салыштырмалуу канааттандырарлык: 8 адам.
Каныбек Досмамбетов ооруканага жаткыруу шарттары жана ар бир бейтапты дарылоо тактикасы менен таанышып чыкты. Сапардын жыйынтыгында министр оорукана жетекчилигине жабыркагандарга толук көлөмдө медициналык жардам көрсөтүүнү камсыздоону жана алардын сакайышын өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Медицина