Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
«Чуңкурчак» тоо лыжа базасынын жанындагы жол кырсыгынан жети жаштагы бала каза болду
11.01.2026 | 14:04
«Чуңкурчак» тоо лыжа базасынын аймагында каргашалуу жол кырсыгы катталды. Алдын ала маалымат боюнча, BMW X7 үлгүсүндөгү унаа ийри-буйру жолдон (серпантин) чыгып кетип, жарга кулаган.
Кырсыктын кесепетинен жети жаштагы бала каза болду. Айдоочу оор жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталууда, окуя болгон жерде укук коргоо органдары жана адистер иштеп жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом