Бишкектин башкы планы – 2050: «акылдуу агломерация»

Бишкек мэриясы Кыргызстандын борборунун 2050-жылга чейинки жаңы башкы планынын долбоорун декабрь айынын аягында өткөн коомдук угууларды эске алуу менен сунуштады. Санкт-Петербургдагы «Перспективдүү шаар куруу боюнча илимий-изилдөө институту» ЖЧКсы иштеп чыккан документ шаарды түп-тамырынан өзгөртүүнү карайт. Анда көп борбордуулукту түзүүдөн тарта өнөр жай зоналарын шаар сыртына чыгарууга чейин, коомдук транспорттун жаңы түрлөрүн киргизүү жана «жашыл» каркасты калыптандыруу пландалууда. Негизги стратегиялык максат — Бишкекти транспорт жана экология боюнча чоң көйгөйлөрү бар шаардан ыңгайлуу, экономикалык жактан өзүн-өзү камсыздаган борборго айлантуу.
Мегаполистин ордуна агломерация
Пландын негизги идеясы — Бишкектин өзүн эмес, 2,5 млн адамга чейинки калкы бар бүтүндөй агломерацияны өнүктүрүү. Бул борбордун баш аламан өсүшүн токтотуп, агымдарды кичине шаарларга бурууга болгон аракет. Кара-Балта жана Токмок биринчи тартиптеги борборлор катары аныкталып, анда жаңы өндүрүштөр, логистикалык хабдар жана кайра иштетүү объектилери жайгашат. Келечекте Бишкектин түндүгүндө соода-логистикалык «Манас-Сити» шаарын жана «Манас» көңүл ачуу паркын куруу да каралган.
Транспорттук революция
Калыптанып калган транспорттук тыгын радикалдуу чечимдерге алып келди. План төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Тышкы айланма жол: транзиттик агымдарды шаардан сыртка чыгаруу үчүн 175 км темир жол линиясын жана 89 км айланма унаа жолун куруу.
- Жаңы коомдук транспорт: 45 чакырымдык жеңил рельстүү транспортту (трамвай) киргизүү, 93 км метробус системасын түзүү жана шаар ичиндеги электр поездди өнүктүрүү.
- Каттам алмаштыруу түйүндөру: ар кандай деңгээлдеги 19 транспорттук-каттам алмаштыруу түйүнүн түзүү, анын ичинде «Манас» аэропорту менен Ош базарынын жанындагы жаңы автобекетке жакын хабдар.
- Веложолдор: 150 кмден ашык веломаршруттар тармагын калыптандыруу.
Көп борбордуулук жана турак жай
Тарыхый борбордун жүгүн азайтуу үчүн ар бир район үчүн төрт көп функциялуу борбор пайда болот. Ошондой эле медициналык, билим берүү жана спорттук адистештирилген борборлор түзүлөт. Долбоор боюнча шаар калкы 1,92 млн адамга чейин өсөт. Бул үчүн 24,8 млн чарчы метр жаңы турак жай куруу пландалууда, анын дээрлик жарымы (49,96%) көп кабаттуу курулуштар (9–14 кабат) болот. Турак жай менен камсыздоо учурдагы 14 чарчы метрден адам башына 22 чарчы метрге чейин көбөйүшү керек.
Социалдык инфраструктура
Калктын өсүшү социалдык объектилерге ири көлөмдө инвестицияны талап кылат. 2050-жылга чейин төмөнкүлөрдү куруу зарыл:
- 293,8 миң орунга эсептелген 290 жаңы мектеп;
- 101,8 миң орунга эсептелген 410 бала бакча;
- 42 жаңы поликлиника;
- Ооруканалардагы керебеттердин санын 25,9 миңге чейин көбөйтүү.
«Жашыл» каркас жана экология
Пландын экологиялык бөлүгү абдан дымактуу: коомдук жашыл аймактардын аянтын бир нече эсеге, 593 гектардан 3549 гектарга чейин, кеңейтүү сунушталат. Негиз катары Карагач токою каралып, ага өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы макамын берүү сунушталууда. Ала-Арча жана Аламедин дарыяларынын, ошондой эле каналдардын жээктерин көрктөндүрүп, үзгүлтүксүз эс алуу зоналарын түзүү пландалган.
Аба сапатын жакшыртуу үчүн отканаларды газга өткөрүү, айрым өндүрүштөрдү шаар сыртына чыгаруу жана калдыктарды сорттоо-кайра иштетүү системасын киргизүү сунушталат. Бул багытта таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу да каралган.
Инженердик чакырыктар
План суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системалары кризистик абалда экенин моюнга алат. Тармактарды толук реконструкциялоо, жаңы суу алуу жайларын куруу жана тазаланган саркынды сууларды Чүй дарыясына агызуу үчүн эки жаңы канализациялык тазалоо курулмасын салуу керек.
Энергетика тармагында ЖЭБди модернизациялоодон тышкары, ЖЭБ-2ни кайра иштетүүгө берүү жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү маселеси каралууда.
Экономикалык драйвер
Башкы план экономиканы диверсификациялоого басым жасайт: фармацевтиканы өнүктүрүү, Кожомкулда текстиль кластерин түзүү, «Зергерчилик аймагын» өнүктүрүү, IT-сектор жана туризм. Максат — борбордо 349,4 миң жаңы жумуш ордун түзүү.
«Бул долбоор жөн гана курулуш чиймеси эмес, мейкиндиктик-экономикалык өнүгүүнүн комплекстүү стратегиясы, — деп комментарий берди «Перспективдүү шаар куруу боюнча илимий-изилдөө институтунун» долбоор жетекчиси Елена Красикова. — Аны ишке ашыруу Бишкекти диверсификацияланган экономикасы бар, жашоого ыңгайлуу заманбап шаарлардын катарына кошууга мүмкүндүк берет».
Коомдук угуулар: башкы план менен чыныгы жашоо
Башкы план боюнча коомдук угуулар өткөн жылдын 24–25-декабрында өтүп, талкууга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, иштеп чыгуучулар, шаар тургундары жана бизнес-коомчулук катышкан. Жүздөгөн кайрылууларды камтыган угуулардын протоколу белгиленген пландар менен шаар тургундарынын курч көйгөйлөрүнүн ортосундагы бир нече негизги карама-каршылыктарды ачыкка чыгарды.
Жер маселеси
Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү талаштуу аймактарга бөлүү жана жер мунапысына тиешелүү болду. Көптөгөн жергиликтүүлөр (өзгөчө Орок, Көк-Жар, Кашка-Баш айылдарында) өздөрүнүн жер тилкелерин, көбүнчө «кызыл китептери» (жерге болгон убактылуу документтери) болсо дагы, «жашыл зоналардан» же көп кабаттуу курулуш аймактарынан таап алышып, таң калуусун жана нааразычылыгын билдиришти. Иштеп чыгуучулар бирдиктүү жооп беришти: жер мунапысы процедурасында турган бардык жерлер атайын зоналарга бөлүнүп, башкы план бекитилгенден кийин гана биротоло жөнгө салынат. Бул миңдеген үй-бүлөлөр үчүн көйгөйлөрдүн чечилишин кийинкиге калтырып, укуктук белгисиздикти сактап калды.
Трамвайбы же автоунаабы
Башкы пландын транспорттук демилгелери кызуу талаш-тартыштарды жаратты. Дээрлик бардык тургундарга Киев көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр зонасын түзүү жана дарыя жээктерине курулуш курууга тыюу салуу, өзгөчө ал жерлерде велосипед жолдорунун пайда болушу жакты. Көпчүлүк Москва көчөсүнөн да транспортту алып салууну каалашты, бирок бул ички транзиттик зарылчылыктан улам мүмкүн эмес.
Айрымдарды Аламүдүн дарыясынын нугундагы жеңил рельстүү транспорт (ЛРТ) идеясы кызыктырды анткен менен, бул сунуштар экономикалык жактан максатсыз катары дароо четке кагылды. Барпы Алыкулов көчөсү боюнча жаңы магистрал куруу чечими да суроолорду жаратты, анткени бул жеке жерлерди алууну талап кылат.
Бишкектиктердин трамвайдын кымбаттыгы боюнча сынына жооп катары архитекторлор анын жүргүнчү ташуу мүмкүнчүлүгү троллейбуска караганда 3 эсе, ал эми автоунаа тилкесине караганда 15 эсе жогору экенин айтышты. Метро идеясынан биротоло баш тартылып, анын ордуна метробус тутуму жана шаардык электричка тандалды.
«Кызгылт» коркунуч: бузуп салуудан коркуу
Схемалардагы «кызгылт» жана «сыя» түстөгү зоналар көптөгөн суроолорду жана кооптонууларды жаратты. Тургундар бул түстөр жеке секторду бузуп, ордуна көп кабаттуу үйлөрдү курууну билдирет деп чочулашкан. Бирок, кооптонууга негиз жоктой: бул түстөр көп кабатуу үйлөрдү эмес, социалдык жана коомдук-ишкердик курулуш зоналарын (бейтапканалар, мектептер, соода борборлору) билдирет.
Анткен менен, жерлерди тартып алуу маселелери башкы план үчүн негизги эмес деп аталып, кийинки укуктук процедураларга өткөрүлүп берилди.
Башаламан курулуштар vs комплекстүү өнүктүрүү
Курулуш компанияларынан конкреттүү көп кабаттуу долбоорлор үчүн (мисалы, Арча-Бешик, Таш-Дөбө айылдарында, Алапаев көчөсүндө) зоналарды өзгөртүү боюнча түшкөн көптөгөн кайрылуулар массалык түрдө четке кагылды. Иштеп чыгуучулар аймактарды комплекстүү өнүктүрүү жана социалдык инфраструктурасы жок башаламан курулуштарга тыюу салуу принцибин коргошту.
Баш тартуунун эң көп кездешкен себептери — жер тилкелеринин санитардык-коргоо зоналарында (ЖЭБ, суу топтоочу жайлар), сейсмикалык кооптуу аймактарда (Ысык-Ата жаракасынын таасири) же суу коргоо тилкелеринде жайгашкандыгы.
Паркингдер, арыктар жана «сталинка» кварталдары
Кабыл алынган сунуштардын арасында калк жыш жайгашкан райондордо көп кабаттуу паркингдерди куруу, арык системасын калыбына келтирүүнү иштеп чыгуу жана реконструкциялоодо «сталиндик» курулуш кварталдарынын баалуулугун эске алуу боюнча сунуштар бар.
Кыргыз Республикасынын министрликтер жана мекмелери, Бишкек мэриясы менен макулдашылган жана коомдук талкуудан өткөн башкы план өкмөттүн токтому менен бекитилгенден кийин борбордун негизги шаар куруу мыйзамына айланат. Бирок угуу протоколу амбициялуу концепциядан аны ишке ашырууга чейинки жол жеңил болбой турганын жана коомдук талкууда курчуп чыккан социалдык жана укуктук карама-каршылыктарды жоюу үчүн так, кылдат иш талап кылынарын айкын көрсөттү.