«Old Bishkek» долбоорунун жаңы өтмөгүндө шыптан суу түшүүдө: сууну чакаларга чогултуп жатышатБишкек–Нарын–Торугарт унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылдыИИМ жол эрежесин бузгандардын билимин текшерүү боюнча мыйзам долбоорун кайра чакыртып алдыБишкекте алгачкы жолу пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы болуп өттү«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынатДастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы – бул мыйзамсыз
Си Цзиньпин 2026-жылы мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет
15.01.2026 | 13:50
15‑январда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин 2026-жылга пландалган мамлекеттик сапары тууралуу маалымат берди. ТИМ башчысы 2025 — жылдагы эки тараптуу кызматташтыкка жогорку баа берип, аны он баллдык шкаланын максималдуу белгисинен да 11 баллга жогору баалады.
Кулубаев өткөн жылдагы маанилүү окуялар: президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары, ошондой эле “Борбор Азия — Кытай” форматынын алкагындагы Астанадагы жана ШКУ саммитинин алкагындагы жолугушуулар тууралуу эске салды. Министр Си Цзиньпиндин алдыдагы сапары окуяларга бай жана кеңири программаны камтыйт деген ишенимин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат