Онкологиялык оорусу барлар бир жыл ичинде кайрадан операция жасатса, ооруканага акысыз жаткырылат

16.01.2026 | 16:58

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду онкологиялык оорулары бар бейтаптар үчүн маанилүү жеңилдиктер тууралуу эскертти. Эми онкологиялык оору менен ооруган жарандар биринчи операциядан кийин 12 айдын ичинде кайрадан пландуу операция жасатууга муктаж болсо, ооруканага жатуу үчүн акы төлөшпөйт.

Фонддун маалыматында, мындай жеңилдиктер Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган.

Дарылануу учурунда төмөнкү кызматтар үчүн акча талап кылууга жол берилбейт:

  • Адистердин консультациясы;
  • Хирургиялык кийлигишүү жана анестезия (наркоз);
  • Операциядан кийинки жарааттарды иштеп чыгуу;
  • Аталган ооруканада жүргүзүлүүчү лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр.

Мындан тышкары медициналык уюм бейтапты Жашоо үчүн маанилүү каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесине (ЖМКМТ) ылайык дары-дармектер менен камсыз кылууга милдеттүү. Эгерде ооруканада керектүү дары жок болсо, бул маалымат бөлүмдөгү көрүнүктүү жерге илинген күнүмдүк тизмеде көрсөтүлүшү керек. Мындай учурда гана бейтап дарыны өз алдынча сатып алууга укуктуу.

Жарандар суроолор жаралса же укуктары бузулса, фонддун 113 байланыш номерине чала алышат. Кызмат күнү-түнү иштейт жана чалуулар акысыз.

Scroll to Top