Жогорку Кеңештин Төрагасы жана Жапониянын элчиси инфраструктуралык долбоорлорду кеңейтүү маселесин талкуулашты

27.01.2026 | 17:18

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жапониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы байланыштарды чыңдоо келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Нурланбек Тургунбек уулу дипломатты миссиясынын башталышы менен куттуктап, Жапониянын Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү катары көп жылдык тажрыйбасын белгиледи. Республикадагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп жаткан Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Төрага ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине жапон жогорку окуу жайларында магистратура жана докторантура боюнча билим алууга мүмкүнчүлүк түзгөн билим берүү программаларынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары өткөн жылы болуп өткөн «Жапония + Борбор Азия» саммитинин жыйынтыктарына токтолушту. Парламент башчысы жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуулар натыйжалуу ишке ашаарына ишеним билдирди. Ошондой эле парламенттер аралык диалогду өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп жаткан депутаттык достук топторунун активдүү иши белгиленди.

Өз кезегинде элчи Хирано Рюити кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Нурланбек Тургунбек уулун Төрагалык кызматка кайра шайланышы менен куттуктады. Дипломат парламенттик өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү миссия башчысы катары анын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болорун билдирди. Маектешүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу келишимдерди ратификациялоо маселелерин жана алдыдагы расмий сапарлардын графигин талкуулашты.

Scroll to Top