Кытайда генералдардын кызматтан алынуусу: ички саясий дисбаланс кимге пайдалуу?
Өткөн дем алышта Кытайдын жогорку аскердик жетекчилигинин эң таасирлүү өкүлдөрүнүн бири – Борбордук аскердик кеңештин төрагасынын биринчи орун басары, генерал Чжан Юсянын кызматтан алынганы жана камакка алынганы айтылды. Иштин чоо-жайы боюнча расмий так жана кенен түшүндүрмөлөр өтө аз. Бирок бир катар маалымат каражаттары ага купуя маалыматтарды, анын ичинде Кытайдын өзөктүк объектилерине тиешелүү маалыматтарды ачыктоо, ошондой эле партиялык тартипти бузуу боюнча айыптар тагылганын билдиришүүдө.

Акыркы бир нече жылдан бери Кытайдын эң жогорку аскер жетекчилери биринин артынан бири кызматтан айдалып, “тазалоого” туш болушту. Мунун айынан өлкөнүн коопсуздугун караган жана эң маанилүү чечимдерди кабыл алган негизги Борбордук аскердик кеңеште киши өтө азайды. Азыр ал жерде лидер Си Цзиньпин баштаган саналуу эле адам калды. Абалдын мынчалыкка жетиши — Кытайдын жаңы тарыхында такыр катталбаган, таң калыштуу окуя болууда.
Мындай резонанстуу камоолордон кийин, эл арасында “Кытайдын ичинде башаламандык башталыптыр” деген айың-кептер каптады. Армиянын эң жогорку жетекчилерин мынтип жапырт жумуштан алуу — Кытайдын бийлик системасынын ишин бузуп, баарын татаалдаштырып салат деп жатышат. Си Цзиньпиндин эң ишенимдүү адамы деп эсептелген Чжан Юсянын камалышынан кийин, эксперттер: “Эми бул системада эч ким өзүн коопсуз сезе албайт, кезек каалаган адамга келиши мүмкүн” — дей башташты.
Мындай баалоолорго ылайык, бул орто звенодогу офицерлердин сактыгын күчөтүп, Алар ар кандай аракеттер берилгендиктин жоктугу же коррупция катары чечмеленишинен чочулап, жоопкерчиликтен качууга умтулушу ыктымал.
Мындан тышкары, мындай жапырт «тазалоолор» Кытай армиясында жана партияда ондогон жылдар бою түзүлүп келген байланыштарды, тартипти жана башкаруу чынжырларын бузуп салат деген кооптонуулар бар. Ошондой эле системалуу тазалоолор Кытайдын Элдик боштондук армиясы жана партиялык түзүмдөрдө жана ондогон жылдар бою калыптанган бейформал байланыштарды жана командалык чынжырларды бузушу мүмкүн экени айтылууда. Мындан тышкары, БАКтын курамы олуттуу кыскарган шартта жамааттык чечим кабыл алуу механизмдеринин алсыроо коркунучу өзүнчө белгиленет.
КЭРдин ички саясатындагы мүмкүн болгон “сейсмикалык жылыштар” тууралуу имиштердин жайылышы Кытайдын тышкы саясий кабылдоосуна да таасирин тийгизүүдө. Бир жагынан, мындай маалыматтык фон өлкөнүн ички процесстерине таасир этүүгө кызыкдар болгон глобалдык актерлор тарабынан колдонулушу мүмкүн. Тактап айтканда, КЭРдин башкарылуусунун гипотетикалык алсырашы анын негизги глобалдык экономикалык жана саясий оппоненти – Америка Кошмо Штаттарынын кызыкчылыктарына объективдүү түрдө жооп берет.
Чжан Юся сыяктуу жогорку деңгээлдеги аскер кызматкерлеринин купуя маалыматтарды, анын ичинде өзөктүк инфраструктура тууралуу маалыматтарды ачыктоо боюнча айыптоолор менен камакка алынышы чет элдик чалгындоо кызматтарынын Кытайдын Элдик боштондук армиясы жогорку эшелондоруна терең киргендигинин белгиси катары чечмелениши мүмкүн. Мындай айыптоолор тастыкталган учурда, бул Вашингтонго стратегиялык пландаштыруу жана Кытайды ооздуктоо маселелеринде олуттуу артыкчылыктарды бериши мүмкүн. Кадрдык турбуленттүүлүк шарттарында Пекинге ыкчам жана системалуу контрчараларды түзүү потенциалдуу түрдө кыйындайт, бул өз кезегинде КЭРдин коргонуу жана жарым өткөргүч секторлоруна санкциялык басымдын күчөшүнө өбөлгө болушу мүмкүн.
Экинчиден, Азия–Тынч океан аймагында Кытайдын ички кризистик процесстеринин фонунда саясий жактан алсырашына кызыкдар болгон мамлекеттер да бар. Япония, Түштүк Корея жана Тайвандын бийлиги үчүн КЭРдин мамлекеттик жана аскердик аппаратындагы кадрдык «тазалоолор» аймактагы күчтөрдүн тең салмактуулугуна таасир этүүчү фактор катары каралышы мүмкүн. Маселен, Тайбэй Чжан Юсяны кошо алганда жогорку даражалуу генералдардын камакка алынышы тууралуу билдирүүлөрдү Пекиндеги бийлик негизинен репрессиялык механизмдерге таянат деген тезисти жайылтуу үчүн колдонууда. Токио болсо Пекиндин «болжолдоого болбой тургандыгын» жана Кытайдын Элдик боштондук армиясындагы коррупциялык чыр-чатактарды коргонуу бюджетин тездетип көбөйтүүгө жана АКШ менен альянсты бекемдөөгө аргумент катары келтирип, Сенкаку аралдарынын аймагын кошо алганда чек арага жакын зоналарда тобокелдиктер жогору экенин белгилеп келет.
Ошону менен бирге, кытай жетекчилигинин расмий позициясы медиада айтылып жаткан чечмелөөлөрдөн олуттуу айырмаланат. Пекин болуп жаткан окуяларды саясий тазалоо эмес, тартипти чыңдоо жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча зарыл чаралар катары мүнөздөйт. Бул логикада кадрдык чечимдер аскердик аппараттын башкарылуусун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча узак мөөнөттүү стратегиянын элементи катары каралат.
Чжан Юсянын камакка алынышынын себептери жана кесепеттери боюнча жыйынтык чыгарууга али эрте. Суроолордун олуттуу бөлүгү кытай тараптын расмий түшүндүрмөлөрү чыккандан кийин жана кырдаалга жараша такталышы мүмкүн. Учурда болуп жаткан окуялар системалык туруксуздукту бир тараптуу далилдегенден көрө, КЭРдеги ички саясий процесстердин татаал жана көп катмарлуу мүнөзүн чагылдырат.