Жогорку Кеңештин төрагасы популизмге карата айтылган сындан кийин президент менен сүйлөштү

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу президент Садыр Жапаров менен аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын ортосундагы акыркы пикир келишпестиктерди талкуулаганын билдирди. Спикер кесиптештерин жана аткаминерлерди бири-бирин сыйлоого чакырды.
Парламенттин жыйынында сүйлөп жатып, төрага ар кандай көз караштардын болушу — бул кадимки процесс экенин жана ал чыр-чатакка айланбашы керектигин баса белгиледи.
«Эң негизгиси — өлкөдөгү тынчтык жана биримдик. Албетте, бардык бийлик органдары бири-бирин сыйлап, алдыга жылышы керек. Биздин максатыбыз бир — элдин бакубат жашоосу жана мамлекеттин гүлдөп өсүшү. Аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын ортосунда пикир келишпестиктер болушу мүмкүн, бирок аны татаалдаштыруунун кереги жок», — деди Нурланбек Тургунбек уулу.
3-февралда Садыр Жапаров «Унаа» мамлекеттик ишканасына барып, жарандар жана жетекчилер менен жолуккан. Жолугушууда президент айдоочуларды даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан реформа тууралуу айтып жатып, бул өзгөрүүлөрдү сындаган Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылган. Ал эл өкүлдөрүн популизмден алыс болууга, сүйлөрдөн мурун маселени терең изилдөөгө жана аткаруу бийлигин негизсиз айыптабай, өкмөт менен коомчулуктун катышуусунда ачык талкууларды уюштурууга чакырган.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 4-февралда өткөн парламенттин жыйынында Садыр Жапаровдун бул билдирүүлөрүнө комментарий берип, депутаттар эл өкүлү катары элдин үнүн жеткирерин, алардын дарегине айтылган катуу сын жалпы бийликтин кадыр-баркын бекемдебей турганын билдирген.