Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган 75 киши суракка алынып, үчөө камалды

Ички иштер министрлиги президенттик шайлоону тез арада өткөрүү өтүнүчү менен өлкө башчы Садыр Жапаровго жана ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жасаган 75 жаран суракка алынып келингенин, ал эми анын демилгечилери камакка алынганын билдирди. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголду.
ИИМдин маалыматында, аталган кайрылуудагы айрым билдирүүлөр өлкө ичинде коомдук саясий кырдаалды курчуткан.
“Бүгүн кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө амалдарын жүргүзүлгөн. Бул кылмыш ишинин демилгечилери жана активдүү катышуучулары катары аныкталган 1955-жылы туулган Т.Б. жана У.Э., 1960-жылы туулган Д.К. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди”,- деп билдирди министрлик.
Ошондой эле кармалган жарандардын жашаган даректерине тинтүү иштери жүргүзүлгөнү айтылды. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Эске салсак, буга чейин коомдук ишмерлер, саясатчылар жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлер болуп 75 адамдан турган топ өлкө башчы Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жасашып, президенттик шайлоону тез арада өткөрүүнү сунушташкан. Алар мындай кадам “талаш-тартыштардын, кошумча түшүндүрмөлөрдүн, коомдук бөлүнүп-жарылуулардын алдын аларын” билдиришкен.