Бишкектин 7-апрель көчөсүндө жылуулук түтүгү жарылды. Мэрия оңдоо иши башталганын билдирди

12.02.2026 | 13:10

Бишкектин 7-Апрель көчөсүнүн Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде жылуулук түтүгү жарылды. Шаар мэриясы «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы аварияны калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

Ишкананын маалыматына ылайык, авария 1974- жана 1986-жылдары курулган түтүктөрдүн пайдалануу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу келип чыккан.

Оңдоо иштерине байланыштуу шаардын түштүк бөлүгүндө жылуулук энергиясын берүү убактылуу чектелиши мүмкүн.

“Учурда аварияны жоюу боюнча чаралар көрүлүүдө. Иштердин аяктоо мөөнөтү тууралуу кошумча маалымат берилет”,- деди мэрия.

Scroll to Top