Марлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбиз

12.02.2026 | 17:13

Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланган Марлен Маматалиев болгон тажрыйбасын жана күчүн жумшап, эл үчүн, мамлекет үчүн иштей тургандыгын билдирди. 

Ошондой эле ал бардык депутаттар менен бир команда катары иштерин жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга парламент мындан ары да көмөк көрсөтө берерин айтты.

«Жакында эле элибиз бизди шайлап, мандатты аманат кылып тапшырды. Ошол аманатты сиздер менен бирге эч качан жерде калтырбайбыз. Биздин мамлекетибиз бир. Аны бөлүп-жарууга жол бербейбиз», – деди ал. 

Муну менен катар парламенттин ишин жакшыртуу маселеси дагы улантыларын белгилеп, анын ичинен санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады. 

«Керектүү мыйзамдарды кабыл алып, алардын аткарылышын да көзөмөлдөйбүз. Буга биздин мүмкүнчүлүгүбүз да, ыйгарым укуктарыбыз да жетет», – деди төрага. 

Scroll to Top