Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча кайрылуу: кармалган саясатчылар 2 айга камалды

13.02.2026 | 15:06

Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча Садыр Жапаровго 75 киши кайрылуу жасаган окуя боюнча кармалган беш саясатчы эки айга камакка алынды. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын карап, 10-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Саясатчылар массалык башаламандык уюштурууга шектелип, Ички иштер министрлиги тарабынан 11-февралда кармалган. Алар: ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, коомдук ишмер, өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Бекболот Талгарбеков, мурдагы вице-премьер-министр, экс-депутат Аалы Карашев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев жана мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаев.

Кармалгандар президенттик шайлоону тез арада өткөрүүнү сунуштап, кайрылуу жасаган 75 жарандын арасында болушкан. ИИМ аталган кайрылуудагы айрым билдирүүлөр өлкө ичинде коомдук саясий кырдаалды курчуткан деп билдирген.

Scroll to Top