Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлөт

13.02.2026 | 15:40

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Улуттук лабораториялык кызматты түзүү жана медициналык калдыктарды башкаруу тутумун өркүндөтүү боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйында лабораториялык диагностиканын бирдиктүү жана туруктуу тутумун түзүү чаралары талкууланды. Жаңы модель мамлекеттик жана жеке секторлор үчүн сапатка, отчёттуулукка жана башкарууга карата бирдиктүү талаптарды белгилөөнү карайт.

Кеңешмеде лабораториялык кызматты башкаруу системасын түзүү, эл аралык стандарттарды киргизүү, мониторинг үчүн санариптик чечимдерди колдонуу жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын тактыгын жогорулатуу маселелери каралды.

Мындан тышкары, медициналык калдыктарды башкарууда мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү, зыянсыздандыруу жана утилдештирүү технологияларын киргизүү боюнча сунуштар талкууланды.

Scroll to Top