Президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмашты

13.02.2026 | 16:54

Алмасбек Абытов Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Өкмөттүн маалыматына ылайык, Абытов кызмат ордунан өз каалоосу менен кеткен.

Өкмөт башчынын башка бир тескемеси менен бул кызматка Бектур Зулпиев дайындалды.

Зулпиев 2023-жылдан бери президенттин кеңешчиси кызматында иштеп жаткан. Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров кол койгон жарлык менен ал бул кызматтан бошотулганын билдирди.

Scroll to Top