Садыр Жапаров менен Тажикстандын премьер-министри эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин карашты

13.02.2026 | 17:45

Бүгүн, 13-февралда, өлкө башчы Садыр Жапаров менен Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзода жолугуп, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери карашты.

Садыр Жапаров кыргыз-тажик кызматташтыгын кеңейтүүгө маани берерин белгиледи. Ал кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны ийгиликтүү өткөнүн жана ал жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда маанилүү институт болорун айтты.

Ошондоц эле президент терроризмге, диний экстремизмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгына токтолду. Бул багытта ШКУнун алкагында Душанбе шаарында Баңгизаттарына каршы күрөшүү борборун жана Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү боюнча тараптардын өз ара колдоосун белгиледи.

Өз кезегинде Кохир Расулзода Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун саламын жеткирди. Ал Кыргызстан менен ынак коңшулук мамилелерди бекемдөө Тажикстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин билдирди. Премьер-министр Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүн белгилеп, мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимдин күчүнө киришин тарыхый жетишкендик катары атады.

Scroll to Top