ШКУ өлкөлөрү фитосанитардык коопсуздук жаатындагы координацияны активдештирүүдө
КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрү менен онлайн-консультациялар өттү. Иш-чара өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү маселелерине арналды.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты — ШКУга мүчө-мамлекеттердин тармактык министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин алдыдагы кеңешмесине даярдык көрүү болду. Катышуучулар күн тартибинин долбоорун макулдашып, иш-чаранын форматын бекитишти жана уюштуруу маселелерин чечишти.
Кызматташтыктын алкагында аймактагы фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо механизмдерине өзгөчө артыкчылык берилди. Ведомстволордун өкүлдөрү маалыматтарды ыкчам алмашуу жана трансчек аралык тобокелдиктерге биргелешип жооп кайтаруу үчүн карантиндик кызматтардын ортосундагы түз байланыштарды чыңдоо зарылдыгын белгилешти.
Өсүмдүктөрдү коргоо боюнча бирдиктүү мамилелерди киргизүү ШКУ мейкиндигиндеги агрардык сектордун туруктуулугун камсыздоочу курал катары каралууда. Консультациялардын жыйынтыгы боюнча тараптардын практикалык өнөктөштүктү кеңейтүүгө даярдыгы белгиленди.