Бишкекте милиция кызматкери кармалган жаранды аёосуз сабоого айыпталуудаТургунбек уулу менен Сулаймановдун ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖылмаюу жана бий: №33 автобустун «Жапайы айдоочусу» бишкектиктерге жагымдуу маанай тартуулайтБишкекте 8 өспүрүм дайынсыз жоголууда. Алардын алтоо балдар борборунун тарбиялануучуларыСтудент алмашуу, биргелешкен изилдөө жүргүзүү: Кыргызстан менен Кореянын ЖОЖдору кызматташатТаластагы күрөөкана мыйзамсыз тартып алынган мүлктөрдү ээлерине кайтарды
Бишкекте 8 өспүрүм дайынсыз жоголууда. Алардын алтоо балдар борборунун тарбиялануучулары
24.02.2026 | 11:18

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы дайынсыз жоголгон сегиз өспүрүмгө издөө жарыялады. Алардын алтоо Курчатов көчөсүндө жайгашкан «Ак-Ниет» борборунун тарбиялануучулары.
Издөөдөгү өспүрүмдөрдүн тизмеси:
- Лилия Толомушова (16 жашта). «Ак-Ниет» борборунун тарбиялануучусу. 2026-жылдын 20-январында №72 мектептен чыккан бойдон дайынсыз. Бою 165-170 см, чачы кара, узун. Кара куртка, кара шым жана спорттук бут кийим кийип жүргөн.
- Билал Мусурманкулов (16 жашта). 12-февралда «Ак-Ниет» борборунан качып кеткен. Бою 170-175 см, чачы кара.
- Нурболот Замирбеков (15 жашта). 13-февралда аталган борбордон качып кеткен. Буга чейин да бир нече жолу качып кеткен фактылар катталган.
- Кристина Суханова (15 жашта). 17-февралда «Ак-Ниет» борборунан качып кеткен бойдон табыла элек.
- Ислам Токтогулов (15 жашта). 18-февралда «Ак-Ниет» борборунан качып чыгып, дайынсыз болууда.
- Айданек Дуйшеева (17 жашта). «Ак-Ниет» борборунун тарбиялануучусу. 19-февралда №72 орто мектептен чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
- Мадина Тагаева (18 жашта). 9-январда Калыс-Ордо конушунан чыгып кеткен. Бою 155-160 см, чачы жок (парик кийип жүрүшү мүмкүн). Кара булгаары куртка жана ак спорттук бут кийим кийип жүргөн.
- Чолпонай Калмаматова (18 жашта). 16-январда 11-кичи районундагы үйүнөн чыгып, кайткан эмес. Ак кыска шуба жана кара-жашыл түстөгү шым кийип жүргөн.
Аталган фактылар Ленин, Биринчи май жана Октябрь райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн маалыматтарды эсепке алуу журналдарына катталган.
Бишкек шаардык ИИББ бул өспүрүмдөр тууралуу маалыматы бар жарандарды төмөнкү номерлерге же «102» кызматына кабарлап коюуну суранат:
- +996 224 214 346
- +996 706 575 793
- +996 702 519 806
- +996 550 102 238
Рубрики: Жаңылыктар, Коом







