«Чакан ГЭС» жана кытайлык ишкана Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюшту

24.02.2026 | 14:18

«Чакан ГЭС» ААК жана кытайлык China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) корпорациясы Чүй облусунда жайгашкан Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу кыргызстандык ишкананын басма сөз кызматы билдирди. Кытайлык подрядчы учурда долбоордук-сметалык документтерди даярдоо ишине киришти.

Долбоордун алкагында станциянын агрегаттарын толугу менен жаңылоо пландалууда. Бул анын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана пайдалануу мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берет. Реконструкциянын жыйынтыгында ГЭСтин белгиленген кубаттуулугу 7,6 МВттан 10 МВтка чейин жогорулашы, ал эми электр энергиясын жылдык иштеп чыгуу көлөмү 37,2 млн кВт⋅сааттан 53,5 млн кВт⋅саатка чейин көбөйүшү күтүлүүдө.

Scroll to Top