Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Бишкекте дайынсыз жоголуп жаткан 8 өспүрүмдүн төртөө табылды
25.02.2026 | 11:28

Бишкек шаарында дайынсыз болуп жаткан сегиз өспүрүмдүн төртөө табылды. Бишкек ШИИБдин маалыматында, табылган өспүрүмдөр менен Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
Андан кийин үч өспүрүм Курчатов көчөсүндө жайгашкан «Ак-ниет» борборунун тарбиячыларына өткөрүлүп берилди. Бир өспүрүм ата-энесине тапшырылган.
Эске салсак, буга чейин 8 өспүрүм изделип жатканы кабарланган. Алардын алтоо «Ак-Ниет» балдар борборунун тарбиялануучулары болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар