Казакстан тарыхындагы эң дымактуу дипломатиялык ишин баштады

25.02.2026 | 11:37

Максим Крамаренко Казакстандын “Тынчтык кеңешине” кириши жана Газада тынчтыкты коргоого казак аскерлеринин катышуусу жөнүндө

Вашингтондо Газа секторун калыбына келтирүү боюнча “Тынчтык кеңешинин” алгачкы отуруму башталды. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио “Б планынын” жоктугун жана тынчтыкка жалгыз альтернатива – согуш экенин айтты. Казакстан бул миссияга расмий кошулуп, миллиарддарды бөлүү менен кошо эл аралык турукташтыруу күчтөрүнүн курамында Газага аскерлерди жөнөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тарыхый кадам тууралуу серепчи Максим Крамаренко Reporter.kg’ге интервью берди. 

Казакстан чоң оюнга кошулууда

— Максим, Вашингтондогу жаңылыктар таң калтырып бүтпөй жатат: Казакстан Трампты сөз менен эле колдоп койбостон, өз аскерлерин Газага жөнөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул чечимди кандай баалап жатасыз?

— Бул кадам – дүйнөлүк саясаттын “жогорку лигасына” кошулуу дегенди билдирет. ISF күчтөрүнүн курамын карап көрсөк: Албания, Индонезия, Марокко жана Казакстан турат. Бул жерде Астана – аймактагы коопсуздук үчүн жоопкерчилик алган АКШнын негизги мусулман өнөктөшүнө айланды. Мурда “жумшак күч” жөнүндө сөз кылсак, азыр кеп “катуу” жоопкерчилик тууралуу болууда. Газанын беш секторго бөлүнүшү жана анын бир бөлүгүн казакстандык контингент түзөрү – бул абдан чоң тажрыйба, бирок ошол эле учурда чоң тобокелчилик. Астана бул кадамга аймакта лидерлик статусун бекемдөө үчүн гана барууда. 

— Каржылык жагы да таң калтырууда. Казакстан, Азербайжан жана арап монархтары бириккен өлкөлөр 7 миллиард доллар кошушту. Бул өзүн-өзү актайбы?

— Бул жөн гана чыгым эмес, бул – Жакынкы Чыгыштын жаңы архитектурасына “кирүүчү билет”. Мында Казакстан Сауд Арабиясы жана БАЭ менен биргеликте кубаттуу позицияда турат. Токаев белгилеген Газанын инфратүзүмүн оңдоого, мектеп жана ооруканаларын курууга инвестиция салуу – бул келечектеги бизнес үчүн реалдуу келишимдер. Өзбекстан да үйлөрдү жана мектеп салууга даяр экендигин билдирген, бирок Казакстан каржылык салым менен кошо аскерлерин да жөнөтүп, кыйла алдыга чыгууда. Бул Вашигтон Астананы алмаштыргыс модератор катары таанууга өбөлгө түзүүдө. 

«Трамптын сыйлыгы» — дипломатиялык инвестиция катары

— Трамп атындагы сыйлыкты негиздөө тууралуу Токаевдин сунушу жөн гана урмат-сый эместиги көрүнүп турат. Бул чоң сооданын бир бөлүгү сыяктанат?

— Албетте. Бул прагматикалык дипломатиялык реализм. Трамп жеке лоялдуулукту жана конкреттүү иш-аракетти баалаган киши. Токаев болсо ага – аны да, муну да берип жатат. А Франция ЕБдин мандатынын жоктугун алигүнгө дейре түшүнбөй, маселе эмнеде экендигин тактоону талап кылууда. Казакстан болсо токтоолук менен ишенимдүү кадам таштап жатат. Токаевдин The National Interest’ке жарыяланган макаласында “эптүүлүк жана улуттук кызыкчылык” тууралуу айтуусу – бул Трамп менен болгон идеологиялык союз. Ал эми сыйлык – жаңы америкалык администрациянын “оюнунун эрежелерин” кабыл алгандыгынын белгиси.  

Путин, Иран жана БУУнун үстүнөн «көзөмөл» 

— Трамп ХАМАСтын өзүнөн-өзү куралсызданышына ишенип, Кеңешке Орусия жана Кытайды да тартууну көздөп турат. Бул түзүлүштүн туруктуулугу канчалык деп ойлойсуз?

— Трамп системаны “өзүнө ыңгайлуу” кылып түзүүдө. Анын Путин менен жылуу мамилеси, Иран менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрү жана Виктор Орбанды колдоосу – Тынчтык кеңеши чоң келишимдин бир гана бөлүгү экендигин айгинелейт. Бул жерде Казакстан абдан пайдалуу позицияда турат – биздин Москва менен да, Пекин менен да алакабыз жакшы. Эми, Трамптын Газадагы “оң колу” болуп жатабыз. 

Эң маанилүүсү: Трамп БУУнун ишмердүүлүгүн Кеңештин “көзөмөлү астында” жүргүзүүгө мажбурлайт. Мында глобалдык каатчылыктарды башкаруунун параллелдүү структурасы түзүлүп жатат, жана Казакстан анын башында турат. 

Жумшак күч

— Миллиарддар жана чоң аскердик программалардын фонунда студенттерге 500 грант бөлүү жана буудай жеткирүү боюнча демилгелер көрүнбөй калбайбы?

— Тескерисинче, бул жалпы көрүнүштү толуктап турат.  Аскерлер турукташтыруу иштерин жүргүзүп, компаниялар үйлөрдү курганча, студенттер Казакстандын жогорку окуу жайларында окуп, – Газанын болочок элитасы калыптана берет. Бул узак мөөнөттүү оюн. Биздин миссиябыз жөн гана имарат куруп коюу эмес, биз өзүбүзгө лоялдуу коомду түзүүгө умтулуудабыз. Бахрейн “санды” гана берсе, биз азык-түлүк жана билим жеткиребиз. Бул “гуманитардык хабдын” комплекстүү иш-чарасы. 

— Казакстан Вашингтондо өзүн негизги оюнчу катары жарыялады. Кандай тобокелдиктер болушу мүмкүн?

— Негизги тобокелдик — бул «Б планы», баягы Марко Рубио айткан согушка кайтуу. Казакстан Трамптын ийгилиги үчүн жоопкерчиликтин кандайдыр бир бөлүгүн өз мойнуна алууда. Эгер «Б планы» ишке ашса, Токаев жаңы дүйнөлүк тартипти түзгөндөрдүн бири болуп калат. Андай болбой калса, Астана планетанын эң бир курч конфликтине кийлигишүүнүн кесепетин көрөт. Бирок, Трамптын ишенимдүүлүгү жана Катардын миллиардды бөлүп берүү аракети, ал эми Астананын аскер жөнөтүү планынан кийин – артка жол жок. Казакстан өз тарыхындагы эң дымактуу дипломатиялык жүрүшүн баштады. 

Белгилей кетсек, Казакстан Газанын калыбына келтирүү демилгесин активдүү колдогон Борбор Азиядагы жалгыз өлкө эмес. Өзбекстан да гуманитардык миссияга катышууга расмий түрдө даяр экенин билдирди. Ташкент жабыркаган аймакта турак үйлөрдү, бала бакчаларды, мектептерди жана ооруканаларды курууга өзүнүн ресурстарын жана адистерин жөнөтүүнү пландап жатат.

Башкача айтканда, Борбордук Азия – Жакынкы Чыгышты турукташтыруу маселесинде бирдиктүү фронт катары чыгууда.

Scroll to Top