Дүйнө Иран менен АКШнын ортосундагы жаңжалдын курчушун күтүп жатат
Январдын аягында Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы мамиле кескин начарлагандан тарта, ортодогу чыңалуу бир аз басаңдап, бирок кооптуу болгон убактылуу тынчтык өкүм сүрдү. Өзгөчө Ирандын өзөктүк программасынын шарттары, уранды байытуу боюнча бир пикирге келүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле Тегерандын Ливан, Йемен жана Газа тилкесиндеги союздаш күчтөрдү колдоосу сыяктуу орчундуу маселелер талкууланды.

Бирок учурда абал кайрадан ыкчам начарлап баратканы байкалууда. Жакында эле байкалган салыштырмалуу тең салмак көпчүлүк тарабынан стратегиялык тыныгуу катары кабыл алынууда.
Буга чейин Ак үй Ирандын жээктерине «Жеральд Форд» учак конуучу кемеси баштаган аскердик тобун жөнөткөн. Бул кадам аймактагы буга чейинки аскердик күчтөрдү ого бетер көбөйтүп, Вашингтондун Тегеранга басымды күчөтүү ниетин көрсөтөт. АКШ тараптын билдирүүлөрү барган сайын кескин мүнөзгө өтүп, жаңжалдын ырбап кетиши мүмкүн деген кооптонууларды арттырууда.
Иран менен АКШнын мамилеси кескин начарласа, коңшу аймактарга, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнө гуманитардык жана миграциялык тобокелдиктер жаралышы ыктымал. Эгер жаңжал ачык аскердик фазага өтсө, калкы болжол менен 93 миллион адамды түзгөн Иран олуттуу ички туруксуздукка кабылышы мүмкүн. Бул ири миграциялык агымды шарттайт.
Борбор Азия мамлекеттери, айрыкча Түркмөнстан менен Тажикстан үчүн бул качкындардын агымына, социалдык инфраструктурага кошумча жүк түшүшүнө жана чек ара аймактарында туруксуздуктун күчөшүнө алып келүү ыктымалдуулугу бар.
Мындан тышкары, Иран Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Дүйнөлүк океанга чыгууга мүмкүндүк берген негизги жол болуп саналат. Айрыкча Пакистанды айланып өткөн Чабахар порту маанилүү транзиттик борбор бойдон калууда. Региондогу аскердик аракеттер бул жолдордун ишине тоскоолдук жаратып,мунун кесепетинен иш токтоп, жыйынтыгында олуттуу логистикалык чыгымдарга жана аймактын сырткы дүйнөдөн обочолонушуна алып келүү тобокелчилиги бар.
Ошол эле учурда чоң масштабдагы аскердик кагылыш сөзсүз болот деп айтууга азырынча негиз жок. Кескин билдирүүлөргө жана күч колдонуу боюнча сценарийлердин талкууланганына карабастан, АКШ администрациясынын Иранга сокку урууга байланыштуу чечими ички каршылыктарга туш болууда. Өкүлдөр палатасы президенттин Конгресстин макулдугусуз аскердик аракеттерди жүргүзүү ыйгарым укуктарын чектөөчү резолюция долбоорун добушка коюуну көздөп жатат.
Трамптын администрациясы үчүн Конгресстеги каршы тарап менен тил табышуу маанилүү маселе бойдон калууда. Мыйзам боюнча, Конгресс өлкөнүн согушка киришин чектөөгө укуктуу. Бирок айрым эксперттер АКШнын ички саясатында бийлик бутактарынын бирин-бири көзөмөлдөө тартиби алсырап жатканын айтышат. Венесуэланын жетекчилигине каршы Конгресстин расмий макулдугусуз жүргүзүлгөн акыркы операция Иран маселеси боюнча да бир тараптуу чечим кабыл алуу ыктымалдыгы тууралуу кооптонууларды күчөттү.
Үстүбүздөгү жылдын 26-февралында Женевада өтө турган конференция чечүүчү ролду ойношу мүмкүн. Анда убактылуу келишим талкууланат. Ага ылайык, Иран байытылган урандын бир бөлүгүн башка тарапка өткөрүп берип, анын ордуна экономикалык санкцияларды жеңилдетүүгө жетишиши мүмкүн. АКШ президенти Дональд Трамп бул сүйлөшүүлөрдү Тегеран үчүн «акыркы мүмкүнчүлүк» деп атап, марттын башына чейин убакыт берди.
Сүйлөшүүлөрдүн кандай бүтөрү азырынча белгисиз. АКШнын аскер кемелеринин Ирандын сууларына жакын жерде турушу абалды чыңалууда кармап, кокустан согуш чыгып кетүү коркунучун жаратууда. Ошентсе да, эгер эки тарап тең согушка караганда дипломатияны пайдалуу деп эсептешсе, дагы деле маселени тынчтык жолу менен чечүүгө толук мүмкүнчүлүк бар.
Дастан Токольдошев