ЖКда соңку саясий окуялардан кийин айрым кылмыш иштерин кайра кароо маселеси көтөрүлдү

26.02.2026 | 14:59

Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева соңку саясий окуялардан кийин (ред. Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы, УКМКдагы кадрдык өзгөрүүлөр) айрым кылмыш иштери кайра каралабы деген маселени козгоду.

Сурабалдиева ага акыркы учурларда жарандардан көптөгөн кайрылуулар келип түшүп жатканын билдирди. Анын айтымында, жарандар «мамлекетке өткөрүү» шылтоосу менен мүлктөрү мыйзамсыз тартылып алынганын, шайлоодон мыйзамсыз четтетилгенин жана башка коркутуп-үркүтүүлөр болгонун айтып кайрылышкан.

Депутат башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаевага кайрылып, өлкөдө саясий кырдаал өзгөргөнүнө байланыштуу мурунку айрым кылмыш иштери кайра каралабы же жокпу деген суроо койду.

Конкубаева кылмыш иштерин кайра карап чыгуу мыйзамда белгиленген тартипте гана ишке ашарын билдирди.

“Эми бул толугу менен мыйзамдын алкагында гана жүргүзүлүшү керек. Эгер өздөрү арыз жазса, кандайдыр бир арыз түшкөн учурда гана, же көзөмөл иретинде аныкталган учурда гана кайрадан каралууга жатат. Мыйзам ошого жол берет. Ал эми бардык материалдарды кайра карап чыгууга мыйзам жол бербейт”,- деп билдирди ал.

Эске салсак, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматтарынан бошоткон.

Андан кийин Садыр Жапаров маек берип, Камчыбек Ташиевдин кызматынан алуу чечимин өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана саясий бөлүнүүнүн алдын алуу зарылдыгы менен түшүндүргөн.


Scroll to Top