Кытайлык холдинг Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдар

26.02.2026 | 16:42

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кытайлык «Guangdong Holdings Limited» холдингинин өкүлдөрү менен жолугушуп, инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулады.

Жолугушууда холдингдин өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика тармагындагы потенциалын эске алуу менен гидроэлектростанцияларды жана суу менен камсыздоо системаларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Бул багытта Кыргызстандын Улуттук инвестициялык фонду менен холдингдин ортосунда тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Адылбек Касымалиев социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган чет элдик инвестицияларды тартуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. Ал ошондой эле Кытай Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш экенин айтып, холдинг менен конструктивдүү кызматташууга даярдыгын билдирди.

Scroll to Top