Идеядан экранга чейин: Бишкекте «Үмүт» жаш кино форуму өтөт

4-7-март күндөрү Бишкекте автордук кино көрсөтүүлөрдү жана питчингдер менен мастер-класстарды камтыган «Үмүт» XIII эл аралык жаш кино форуму өтөт.
Форум бүгүнкү күндө кандай түзүлгөнү, ал кандай милдеттерди чечери жана жаш авторлорго кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачары тууралуу «Үмүттүн» продюсери жана координатору Эльвира Мамытова айтып берди.

Форум бул жылдар ичинде канчалык өзгөрдү?
– Форум 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет жана бул убакыттын ичинде ал кыйла өстү. Эгерде башында кыргыз кинематографисттери үчүн гана чакан аянтча болсо, бүгүнкү күндө ал Борбор Азияда жана андан тышкары жерлерде таанымал эл аралык форумга айланды. Биз жыл сайын өнүгүп, программаны өркүндөтүп жатабыз, бирок биздин миссиябыз өзгөрүүсүз калууда – бул жаш кинематографисттерди колдоо.
Ошону менен бирге биз үчүн «жаш кино» — бул жаш курак эмес, кесиптеги баскыч: бул студенттер дагы, же режиссурада өз жолун жаңыдан баштап жаткан авторлор дагы болушу мүмкүн.
Азыр бизде так калыптанган эки багыт бар. Биринчиси негизги программа: конкурстук жана атайын көрсөтүүлөр, талкуулар, авторлор менен жолугушуулар. Тасмалардын дээрлик бардыгы – Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн жаш режиссерлорунун иштери.
Экинчи багыт – индустриалдык платформа. Ал жерде ишкердик жолугушуулар, мастер-класстар, лекциялар, долбоорлордун презентациялары жана питчингдер өтөт. Бул жөн гана билим берүү чөйрөсү эмес, кесипкөй баарлашуу, таанышуу жана тажрыйба алмашуу мейкиндиги.
Кино форумга канча өлкө катышат?
– Бул жылы форумга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Орусиядан катышышат. Биз автордук киного, кинону көркөм билдирүү катары кароого, багытталганбыз. Көбүнчө катышуучулар — тиешелүү окуу жайлардын студенттери же жаңыдан баштаган режиссёрлор. Алардын көбү кийинчерээк ири эл аралык фестивалдарга катышат. Мисалы, өзбек режиссёру Шокир Холиков үчүн биздин форум старттык аянтча болуп берди.
Форумдун ачылыш аземи качан жана каерде өтөт?
– Форумдун коноктору жана катышуучулары Бишкекке 3-мартта келишет, ал эми расмий ачылышы 4-мартта болот. Ал «Ала-Тоо» кинотеатрында саат 14:00дө өтөт. Программада катышуучуларды жана калыстар тобун тааныштыруу, программага кыскача баяндама, чакан концерттик бөлүк жана тасма көрсөтүү бар. Форумду режиссёр Гүлжан Ирештин биздин залкар актёр Токтосун Кадралиев тууралуу тарткан «Тоолор мени кучактагыла» аттуу даректүү тасмасы ачат.

Биз билгенден, быйылкы форум ага арналганбы?
– Ооба, ошондой эле киновед Сейит Бөкөнбаевге арналган. Алардын быйыл юбилейлик даталары, биз үчүн муундардын байланышын сактоо, жаш жана тажрыйбалуу кино адистеринин ортосунда диалог куруу маанилүү.
Алар форумда ардактуу конок катары катышышат. Ошондой эле 6-мартта Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө Сейит Жанаевич менен чыгармачылык жолугушуу өтөт.
Негизги окуялар кайсы аянтчаларда болот?
– Көрсөтүүлөр Айтматов атындагы Кино үйүндө өтөт. Индустриалдык программа – ololoErkindik коворкинг борборунун аянтчасында болот. Биз аны үчүнчү жыл катары менен өткөрүп жатабыз. Питчинг — индустриалдык платформанын негизги бөлүгү. Биз болжол менен 6–10 долбоорду тандап алабыз, андан кийин алар менен менторлор алдын ала иштешет, идеяларды иштеп чыгууга, драматургияны күчөтүүгө жана презентацияларды даярдоого жардам беришет.
Форум башталганда катышуучулар өз долбоорлорун эл аралык калыстар тобуна сунуштоого даяр болушат. Калыстардын курамына индустриянын эксперттери жана ар кандай түзүмдөрдүн өкүлдөрү кирет.
Кинематография департаменти каржылык колдоо көрсөтсө, «Кыргызфильм» техникалык колдоо берет. Ошондой эле долбоорлорду эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө жана фестивалдарга чыгууга жардам берген платформалар бар.
Бул жаш кинематографисттер үчүн олуттуу жана комплекстүү колдоо, анын натыйжалары бар. Быйыл улуттук программага биздин питчингдердин колдоосу менен тартылган эки тасма катышууда: Алина Байтокованын «Кызыл туфли» («Красные туфли») жана Жетиген Кырманчиевдин «Садагаң кетейин» тасмасы.
Форумдун бардык иш-чараларына катышуу акысызбы?
– Ооба, форумдун бардык иш-чараларына кирүү акысыз. Программа менен кененирээк биздин сайттан https://www.iffumut.org/ жана Инстаграмдагы баракчабыздан https://www.instagram.com/umutforum.kg/ таанышсаңыз болот. Биз үчүн программага кесипкөйлөр гана эмес, кино кызыктырган бардык каалоочулар кошула алышы принципиалдуу түрдө маанилүү.
Бул кеңири прокатка сейрек чыга турган автордук тасмаларды көрүү, режиссерлор менен талкууга катышуу, мастер-класстарга жана лекцияларга баруу, ошондой эле жандуу профессионалдык чөйрөнүн бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү.
Биз көрүүчүлөргө ар дайым кубанычтабыз жана бардыгын келип, программа менен таанышууга жана өзү үчүн жаңы кинолорду ачууга чакырабыз.