Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна тынсыздануусун билдирди

28.02.2026 | 16:04

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыш аймагындагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу расмий билдирүү жасады.

Билдирүүдө Кыргызстан аталган аймактагы абалдын курчушуна байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирери айтылат. Ошондой эле кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык иш алып барууну жактайт.

“Кыргыз Республикасы тараптарды максималдуу сабырдуулукка чакырып, согуштук аракеттерди кечиктирбестен токтотууга жана кырдаалды жалаң гана тынчтык жолу менен чечүү үчүн конструктивдүү диалогго мүмкүн болушунча тез кайтууга багытталган бардык зарыл чараларды көрүүгө үндөйт”,- деп билдирди мекеме.

Бүгүн, 28-февралда, Америка Кошмо Штаттары менен Израил Ирандын аймагына аскердик чабуулдарды башташты. Соккулар өлкөнүн аймактарында жана борбору Тегеранда жасалып жатканы айтылууда.

Иран буга жооп кайтарып, Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объектилерине учкучсуз учактары жана ракеталары менен сокку жасоодо.

Scroll to Top