Трамп Кубаны «басып алуу» ал үчүн чоң сыймык болорун билдирди

18.03.2026 | 10:52

АКШ президенти Дональд Трамп Кубага карата катаал чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбай турганын жана арал-мамлекеттин үстүнөн көзөмөл орнотуу ал үчүн «сыймык» болорун айтты. Бул тууралуу Америка лидери Ак үйдө сүйлөп жатып билдирди.

Журналисттер менен баарлашуу учурунда Трамп Кубага карата ар кандай аракеттерди караштырып жатканын баса белгиледи. Мамлекет башчысынын негизги цитаталары:

«Мен Кубаны басып ала алам деп айтуу — чоң сыймык».

«Аны бошотомбу же ээлеп аламбы — менимче, ал өлкө менен каалаганымды кыла алам».

Президенттин айтымында, Кошмо Штаттар «Эркиндик аралына» карата каалаган аракеттерин көрө алат, анткени учурда бул өлкө «абдан алсырап турат». Ошол эле учурда Трамп Вашингтон Кубага карата Иран жана Венесуэладагыдай сценарийди колдонууну пландап жатабы же жокпу, тактап айтуудан баш тартты.

Трамптын бул билдирүүсү Вашингтон тарабынан Гаванага карата буга чейин көрүлгөн кысым көрсөтүү чараларынын фонунда айтылды.

Scroll to Top