ЕАЭБ жана АСЕАН алгачкы ирет деңиз аркылуу жүк ташуу тажрыйбасы менен алмашышты
Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында деңиз аркылуу жүк ташууларды өнүктүрүүгө арналган ЕАЭБ–АСЕАН биринчи тармактык семинары өттү. Жолугушуунун катышуучулары — эки интеграциялык бирикменин тармактык министрликтеринин, бизнестин жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү — соода байланыштарын арттыруу келечегин жана инфратүзүмдүк чектөөлөрдү жоюу жолдорун талкуулашты.
ЕЭКтин энергетика жана инфратүзүм боюнча министри Арзыбек Кожошев иш-чараны ачып жатып, бул тармактагы аракеттерди координациялоону стратегиялык милдет деп атады.
«Биздин уникалдуу географиялык жана геоэкономикалык абалыбызды, жогорку транзиттик жана өнөр жай потенциалыбызды эске алуу менен, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана логистикалык хабдарды түзүү үчүн аракеттерди координациялоо маанилүү милдет болуп саналат, — деп белгиледи ал. — Бул жерде деңиз аркылуу жүк ташуулар эл аралык соодада негизги ролду ойнойт. Биздин бул чөйрөдөгү өз ара аракеттенишибиз жана тажрыйба алмашуубуз чөлкөмдөрүбүздүн ортосундагы экономикалык байланыштарды бир топ чыңдай алат».
Катышуучулардын көңүл борборунда порттук инфратүзүмдү заманбапташтыруу, деңиз ташууларын санариптештирүү жана «санариптик коридорлор» деп аталган багыттарды өнүктүрүү маселелери турду. Коопсуздуктун аспектилери — салттуу коопсуздук жана кемелердин альтернативдик отун түрлөрүн колдонуудагы коопсуздук маселелери өзүнчө талкууланды. АСЕАН өлкөлөрүнүн өкүлдөрү деңиз транспортунда «бирдиктүү терезе» механизмин киргизүү тажрыйбасы менен бөлүшүштү, бул евразиялык кесиптештеринин чоң кызыгуусун жаратты.
ЕЭКтин транспорт жана инфратүзүм департаментинин директору Рустан Женалинов белгилегендей, АСЕАНдын ийгиликтүү тажрыйбаларын ишке ашыруу Европа менен Азиянын ортосундагы каттамдарды жана транзитти уюштурууда ЕАЭБ үчүн сезилерлик экономикалык натыйжа бере алат. Өз кезегинде ЕАЭБ делегациясы Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү менен логистикалык кызматтарды өнүктүрүү жана порт чарбасын заманбапташтыруу боюнча өз иштеп чыгууларын тааныштырды.